Get Mystery Box with random crypto!

Жашоону өзүбүз татаалдаштырабыз… -Мен сени жакшы көргөм бир ке | Alleya🕊️

Жашоону өзүбүз татаалдаштырабыз…
-Мен сени жакшы көргөм бир кездерде.
-Мен да сени…
Андан ары үнсүздүк. Ар кимиси өз ойлору менен. “Эмнеге айтпадың ошондо? Балким баары башкача болмок?!”-дейт кыз ичинен.
“Корктум. Теңине албай коёбу деп…”-жигит ичинен муңканат.
Кызды го мейли, түшүнсө болот. Жигиттерге бир аз эрк керек. Кызга сезимин ачык айтууга, кофе же чайга чакырууга, үйлөнүүгө сунуш жасоого.
Көп сөздөр айтылбай ичте калат. Жигит өзүнчө, кыз өзүнчө азап тартып жүрө берет. Неге?)
Көп байкайм. Окурмандар арасынан, тааныштар арасынан. Мамилелер үйлөнүүгө жетпей токтойт. Жок, адаштым. Сезимдер айтылбай, мамилеге жетпей ичте калат.
Кыз турмушка чыгат. Жигит ичтен өкүнүп кала берет.
Жашоону татаалдаштырбай, коркоктук кылбай сезимдерди ачык айтсаңарчы?!
Илгерки замандагыдай тоскоолдуктар жок силерде. Болбогон таарынычтын артынан махабаттан кол үзбөсөңөр. Бул сезим баарына эле келе бербейт))