Get Mystery Box with random crypto!

22… Жыйырма экинчи жазымды жашап жатам. Жана бүгүнкү менин аба | Alleya🕊️

22…
Жыйырма экинчи жазымды жашап жатам. Жана бүгүнкү менин абалым: мурдагыдай бирөөгө жагуу үчүн өзүмдү жебей калгам. Менден өйдө, менден төмөн тургандарга өзүмдү салыштырбай калгам. Өзүмдүн комфортум баарынан жогору турат. Каалабасам, өзүмдү кыйнабайм. Каалабаса, башкасын кыйнабайм. Карыз берүү оңой. Берген карызымды суроо оңой. Мурдагыдай ичимде “чувство вины” жок. Сезимдеримди ачык айтуу оңой. Ыйлоо оңой, каткырып күлүү оңой. Мурдагыдай жүзүмдөн уялбайм, боюмдан уялбайм, өзүмдөн уялбайм. Адамдарды күнөөлөбөйм, кемсинтпейм, жек көрбөйм, атаандашпайм. Жашоомо кирсе да, чыкса да ыраазымын. Кек сактабайм. Сый мамиледе калам.
Бою узундардын жанында өзүмдү кыска сезбейм, бою кыскалардын жанында өзүмдү узун сезбейм
Айтор, салыштыруудан арылып, ар бир адамдын, өзүмдүн индивидуалдуулугумду кабыл алып бүткөм. Мага негатив айтканга капа боло албайм. Жаман мамиле жасагандар эшигимдин сыртында.
Билим алууну улантуудамын. Азыркы абалга келүүмө Жараткан ушул билимди себеп кылган чыгар.