Get Mystery Box with random crypto!

“Кыздарда жүрөк жок. Турмушка чыгып кете беришет. Бул жакта ка | Alleya🕊️

“Кыздарда жүрөк жок. Турмушка чыгып кете беришет. Бул жакта калган жигит кыйналат”-дешет э?
Эмнеге жигитти таштаган кыздар жөнүндө көп сүйлөшөт? А кыздан баш тартып, башкага үйлөнүп кеткен жигитке чаң тийгизишпейт?)
1 жыл мурда бир курбум келди.
-Ал үйлөнүптүр…
-Кимге?
-Билбейм!-деп ыйлап жиберди.
Алардын мамилелерине суктанган мен томсоруп эле туруп калдым.
-Мен аны канча болсо да күтүүгө даяр элем. Мейли чөнтөгү бош болсун, мейли машина, үйү жок болсун, аны менен бирге бутка турууга даяр элем…
Мамилени бүтүрүп, мага түшүндүрүп үйлөнсө да мейли эле. Үн-сөзсүз жоголду, 1 жумадан кийин жанынан ак жоолукчан бирөөнү, колунан нике шакегин көрдүм…
Бир ооз сөзгө мени татыксыз көрдү окшойт.
Ушундай жоопкерчилиги төмөн эркектер үчүн ыйлагандарга айтат элем: күлгүлө, сүйүнгүлө. Кудай силерди чоң балээден сактады.
Силер үчүн эң мыкты эр адамды даярдап койгон