Get Mystery Box with random crypto!

Бир студент акча жыйнап жүрүп кымбат телефон алат дейт. Ал тел | Alleya🕊️

Бир студент акча жыйнап жүрүп кымбат телефон алат дейт. Ал телефонун аяп иштетип, көзүнүн карегиндей сактап жүрөт. Бир күнү шымдын арткы чөнтөгүнө телефонду салып коёт экен. Скамейкага отурганда “кырс” деген үн чыгат. Телефон студенттин эсине келет. Байкуш студент ичинен “Оо, Кудай, белим сынган болсун, белим сынган болсун”-деп жалбарып жибериптир.

Муну угуп боорум эзилгенче күлдүм…