Get Mystery Box with random crypto!

Коп убакыт ойлонуп журдум, окуумду да окубай койдум кайда журс | Alleya🕊️

Коп убакыт ойлонуп журдум, окуумду да окубай койдум кайда журсом да, Кийин эмне болот? деген суроо мээмди жейт эле. Окуумда да баары билип буткон мени алып качып, бирок мен келе бергенимди. Бир мугалимдин кошунасы алып качкан экен, корсо ошол мугалим эжей кайсы группага кирсе да айта бериптир. Ииий эми ойлонгонуму айтпай эле коёюн 1 апта ордумдан тура албай ооруп жатып калдым, итирейип арыктапда кеткен элем. Анан бара бара унута баштадым. Окуумду буттум, жумушка кирдим анаан менин суйуктуу жолдошум пайда болду. Менин кыялымдагыдай мунозу менен мени чаап алды Озумчо тоготпой жургонмун башында, а жолдошум кундо 3 маал жумушка барчу (завтрак, обед, ужин алып келип берчуда ) сыртка чыкпай койсом берибирчу бироолордон. Жашынып корунбой уйго кетип калсам уйго барып кутот болчу 23:00, 00:00 чейин менин уй боломдун баарысы таанып бутушкон эле чыгып койчу тигинин келди деп апам кулот эле чыкпасам варотабыздын жанындагы терек, талдарга балмуздак, шоколад илип кетчуда

Бир куну жумуштан маанайым жок чыгып каттуу суйлоп койгонмун, унчукпай маанайы тушуп калып калган. Корсо апама барып менин колумду сурап (атам каза болуп калган) андан кийин мага жолукканы келген экенда, аны мага кечки тамакта апам айтып атпайбы, "мага жолукту"-деп Ичимден бир суйуном, "мен кыялданган бала экен "- деп, себеби жолдошум телефон чалбайт эле живой озу келет эле ар дайым . Дальше айтсам озунчо эле романтика, жомок Ошентип баш коштук, кыздуу болдук. Жолдошум мен жонундо баарын билет, озум айтып бергем. Мага мурункун кызыктырбайт, эн негизгиси азыр мени менен чогусун деген бирда жолу мага унун которуп суйлогон эмес. Кудайыма чексиз шугур кылам ар дайым мени жолдошума жолукьурганына.

Айтайын дегеним КЫЗДАР СИЛЕРДИ АЛЫП КАЧЫП КЕТИШСЕ, ЭГЕРДЕ СИЛЕРГЕ ЖАКПАЙБЫ ЖЕ АЛ АДАМДЫ ТААНЫБАЙСЫНАРБЫ ДАРОО КЕТКИЛЕ ЭЧНЕРСЕНИ ОЙЛОНБОГУЛА, ЭЧНЕРСЕНИ КАРАБАГЫЛА, ЭЧНЕРСЕДЕН КОРКПОГУЛА! Кийин кандайына жолугам деп калып калбагыла. АЛЛАХ баарын билет озу жай жайына коюп коёт. Тенинерди кезиктирет. Ардайым жакшы ниет кылгыла, мен коп тилейт элем бойдок маалымда, тилегенимди 2 эселетип берди Жаратканым "Эл эмне дейт?"- дебегиле эл айтат экен унутат экен. Эн кызыгы мен озумдун мектептеги мугалим эжейиме келин болгонмун, озумдун айылыма эле турмушка чыкканмын

#окурманданкат