Get Mystery Box with random crypto!

“Жигитим бар. Өзүм 11-классмын. Аябай сөгөт, кол көтөрөт. Эч ж | Alleya🕊️

“Жигитим бар. Өзүм 11-классмын. Аябай сөгөт, кол көтөрөт. Эч жакка жибербейт. Тойлорго да. “Сени да, айдоочуну да өлтүрөм барсаң”-дейт. Кетейин десем “Сүрөттөрүңдү баарына көрсөтөм” деп коркутат. Ошого кете албайм.
Кийинки жылы мага үйлөнөм дейт. Өзү иштебейт. Туугандарынан акча сурайт. Турмушка чыксам өкүнүп калбаймынбы?”-деп жазган бир кыз…


1. Мектеп окуучуларынын арасында кыз жандоо, жигит жандоо “мода”. Өкүнүчтүү. Эгер сенде жигитиң же кызың жок болсо, ууужас, уят. Сен гадкий утёноксуң, замандан артта калгансың. Жигитиң же кызың болбосо, өзүңдү жаман сезесиң. Анткени “баарынын жигити же кызы бар да”.
Айланадагы кыз-жигиттерди көрүп кызыгышат. Анан бир-эки ооз ширин сөз жазып, жүрөкчө жиберген адамды “жаным” деп алышат.
Айланайындар, турмушка чыкпайсыңар азыр баарыбир, үйлөнбөйсүңөр. Ошол убагыңарды окууга, өнүгүүгө короткулачы.
Арам мамилени идеалдаштырбагылачы)

2. Мейли. Сүйлөштүңөр, жетелешип жүрдүңөр дейли. Жигитиңерге кийимсиз же пижамачан түшкөн сүрөтүңөрдү эмнеге жибересиңер?
Канчалык жакшы көрбө, сүйбө, ал адамдын кандай экендигин биле албайсың. Өзүңдөн башка эч кимге ишенбей турган заман азыр.

3. Турмушка чыкканга чейин сен бир гана ата-энеңден уруксат аласың. Жигит сага тыюу салып, коркуткандай эч кимиң эмес. Жигитин жолдошундай көрүп алгандарды көрсөм, башын чаап салгым келет. “Чала болот”-дегиң келет ошондойдо.

4. Сени сыйлабаган, орой мамиле жасагаг, кол көтөрүп, эл көзүнчө, жалгыз калганда ашатып сөккөн эркекке кантип келечегиңди ишенип тапшырасың?
Примерный сценарийди айтайынчы: 11ди бүттүң, жанагы абьюзерге турмушка чыгасың. Тоюңар укмуш өтөт. Эртеси эле көр тирилик башталат. Тойго чейин сөгүп, урса, тойдон кийин бул нерсе жоголот деп ким кепилдик бере алат?
Тем более жолдошуң иштебейт. 1 жылдан кийин балаң төрөлөт. Сен баягы тойдогу халат мененсиң, балаңа памперс, кийим-кече керек. Жолдошуң диванда жатат. “Иш жок болсо акчаны каяктан табам?!”-деп сага атырылат.
Ошондо өкүнөсүң…