Get Mystery Box with random crypto!

“Баары жакшылыкка” дегенди көп айтам. Себеп: Жоолукка келе эл | Alleya🕊️

“Баары жакшылыкка” дегенди көп айтам.
Себеп:
Жоолукка келе электен мурда мен да курдаштарым сыяктуу бар-клубга барууну кыялдангам)
Бир күнү тааныш кыздарымдан бирөөсү туулган күнүнө, клубга чакырды. Көптөн бери “Барсам”-деп жүргөн мен үйдө отуруп каламбы? Кызыгып, шайтаным күчөп клубду карай жөнөдүм. Эшиктин оозуна жеткенде “Бул жерге жашы 18ден өткөндөр кирет”-деп тосуп койду. Паспорт үйдө калган, жашыңдын 19да экендигин далилдеп эле көр)
Сыртка чакырып, куттуктап үйгө келе бергем. Ошондо аябай катуу кайгырсам керек, эсимде жок.
Ошол-ошол болду, клубга карай барган жокмун. Бир аз убакыттан соң жоолукчан болдум
Азыр ойлосом, мени Кудай өзү тоскон экен жаман жерден)
Ошондо клубга киргизишкенде, ким билет азыр кандай кыз болмокмун))