“Зависть (көрө албастык)- Иблиске тиешелүү сыпат”-дегим келип | Alleya🕊️
“Зависть (көрө албастык)- Иблиске тиешелүү сыпат”-дегим келип турат. Кээде шайтандын сөзүн угуп, бир адамга көрө албастык кыларда ушуну эстеңиз: Асмандагы (Бейиштеги) жана Жердеги биринчи жасалган күнөө көрө албастыктын айынан чыкканын окусаңыз керек. Иблистин көрө албастыгынын айынан Адам ата менен Обо (Ева) эне Жерге куугунтукталган. Жердеги биринчи жасалган күнөө - адам өлтүрүү. Адамдын бир уулу экинчи уулун көрө албастыктын айынан өлтүргөнүн билсеңиз керек. Азирети Юсуф (а.с.) да бир туугандарынын көрө албастыгынан улам кудукка ыргытылбады беле?) Күнөөнүн башаты - көрө албастык.