Get Mystery Box with random crypto!

16 жаштагы өзүмө кеңеш: -Өзүңдү сүй -Сырткы келбетиңден уялба | Alleya🕊️

16 жаштагы өзүмө кеңеш:
-Өзүңдү сүй
-Сырткы келбетиңден уялба
-Денеңе, жүзүңө кам көр
-Кийимиңе көңүл бур. Көбүрөөк көйнөк кийгенге аракет кыл
-Оюңду билимге гана бөл. Билимге убакыт кетирсең, убакыт келип ал сага кызмат кылат
-Маанисиз нерсеге таарынба
-Ата-энеңе жакыныраак бол. Эгер алар сени түшүнбөй жатышса, өзүңө кара. Балким сен түшүндүрүү үчүн аракет кылбай жатасың?
-Мектептеги бааларды ойлоп кыйналба. Жашоодо баа эмес, билим керек.
-Жоопкерчиликтин баарын мойнуңа алып алба. Энергияңды сага тиешелүү эмес жумуштарга кетирбе.
-Конфликттерден алыс бол.
-Ойно, күл. Өзүңө бакыт тартуула.
-Изден.
-Кыялдан. Көбүрөөк кыялдан