Бир убакыт болот: ал адамга карата эч нерсе сезбей каласың. Мурдагыдай сезимдер жок, мамиле муздаган. Кайда жүргөнү, эмне менен алектенгени, кимдер менен мамиле кылганы кызыктырбай калат. Бул нерседе эч ким күнөөлүү эмес. Өзүңдү же аны күнөөлөбө. Демек жолуңар бир эмес, ар ким өз багыты менен кете турган убакыт келди. Жай гана жылуу коштошуп, жаңы жашоону баштагыла…