Get Mystery Box with random crypto!

КӨҢҮЛ АЙТУУ” Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен. ‎إ | Адеп башаты диний уюму

КӨҢҮЛ АЙТУУ”
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен.
‎إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ
"Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтуучубуз".
Кыргыз элине эле эмес, Орто Азия жана бир катар арап өлкөлөрүнө таанымал, белгилүү дин аалымы, устаз Абдурахманов Кимсанбай ажынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, устаздын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына, шакирттерине, жакын санаалаштарына жана жалпы кыргыз мусулман журтчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Устазыбыздын жаткан жери жайлуу болуусун Аллахтан тилейбиз. Аллах Таала билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Кабырын нурдуу, кенен кылып, бейиштин бакчасына айландырсын. Артында калгандарга сабыр берсин.
"Адеп башаты" диний уюмунун жалпы жамааты.