Get Mystery Box with random crypto!

“КӨҢҮЛ АЙТУУ” Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! | Адеп башаты диний уюму

“КӨҢҮЛ АЙТУУ”

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен!

‎إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ

Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтуучубуз.

Белгилүү дин аалымы, устаздардын устазы Талипжан дамыланын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, дамыланын үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, жакын туугандарына, шакирттерине жана жалпы кыргыз мусулман журтчулугуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. «Аалымдын дүйнөдөн өтүүсү - Исламдын жоготуусу», союз мезгилдеги кысымчылыка карабастан балдарды окутуп, көптөгөн талабаларды да диний окуу китептери менен камсыздап, балдардын диний илим алуусуна шарт түзгөн, далай азап тартса да коммунисттик партиянын кысымына карабай жаштыгын, күч-кубатын жалан дин үчүн жумшаган Талипжан дамыланын эмгегин баалайбыз жана унутпайбыз. Талипжан дамыла бүтүндөй өмүрүн динге, элине, журтуна арнап жашап өткөн саналуу аалымдарыбыздын бири. Аллах Таала устазыбыздын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акырет жайын түбөлүктүү бейиш кылсын. Динге кылган мээнетинин дөөлөтүн акыретте эселеп берсин.
Кабырын нурдуу, сурагын жеңил, акыретин абад кылсын. Амиин.

"Адеп башаты" диний уюмунун жалпы жамааты.