Get Mystery Box with random crypto!

' Адеп Башаты'диний уюму 2022-2023 - окуу жылы үчүн Баткен оку | Адеп башаты диний уюму

" Адеп Башаты"диний уюму 2022-2023 - окуу жылы үчүн Баткен окуясында жабыркаган үй-бүлөлөрдүн жогорку окуу жайларда окуган БАЛДАР жана КЫЗДАРЫНА стипендия берди.
Чогулган студенттерге диний уюмдун мүдүрү Акимбай уулу Аскарбек устаз акыл-насаатын айтып, окууларына ийгиликтерди каалады.
Алдакулов Тургунбай агайыбыз менен Лейлек районунун баш имам-хатиби Полотов Сейитбек таксыр дагы мекенди сүйүүгө чакырып, негизги милдеттери окуулары экендиги тууралуу сөз сүйлөштү.
Дин аалымы Абу уулу Давид устаз болсо ар дайым жандуу болууга үндөп, ар тараптан жетишкен атуулдардан болууга үндөп өттү. Иш-чара сый тамак менен коштолду. "Жасур аш" борборуна терең ыраазычылык билдирип кетмекчибиз.